Педагогикалык лабораторияда лаборатордук сабактар мектепте драманы окуу боюнча сабактарды өтүү үчүн чыгармачыл аянтчага айланды. Студенттер тексттин үстүндө иштөөнүн кызыктуу ыкмаларын көрсөтүштү:
- А.Н. Островскийдин «Гроза» драмасы боюнча театралдык афиша;
- Д.И. Фонвизиндин «Недоросль» комедиясын ролдоштуруп окуу;
- Н.В. Гоголдун «Ревизор» комедиясы боюнча инсценировкалоо;
- А.С. Грибоедовдун «Горе от ума» комедиясындагы Чацкийдин монологу;
- А.Н. Островскийдин «Гроза» драмасындагы сөзү жок сценаны пантомима менен билдирүү.
Бул ыкмаларды презентациялоо учурунда студенттер ИКТ, мектепте окула турган драмалык чыгармалардын интерпретацияларын кеңири пайдаланышты. Өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачышты. Студенттердин ийгиликтүү эмгектери, театрдагыдай, кызуу кол чабуулар менен коштолду.