Жанылыктар

Эл аралык мамилелер факультетинде кыргыз-чех мамилелерине арналган иш-чара өттү.

Бүгүн ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинде кыргыз-чех мамилелерине арналган иш-чара өттү. Чехиядан келген студенттер Чехиянын маданияты жана саясаты тууралуу презентация жасашты. Өз кезегинде эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунун студенттери Кыргызстан тууралуу айтып, улуттук каада-салттарды, тамак-аштарды көрсөтүп, бий жана музыкалык номерлерди көрсөтүштү. Ошондой эле чехиялык студенттерге Эл аралык мамилелер факультетинде “Эл аралык мамилелер” боюнча 4 жумалык курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
278 04:18 21-10-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|