11-ноябрь, 2023-жыл.
Ош мамлекеттик университетинин “Бизнес жана менеджмент” факультетинде студенттеринен түзүлгөн курстар аралык курама командаларынын жана профессордук-окутуучуларынын курама командасынын ортосунда спорттун “футбол” түрү боюнча өткөрүлүүчү “Декандынкубогу ” болуп өтүү.
Оюндун жыйынтыгында:
1. БжМ факультетинин профессордук окутуучулук курамынан куралган команда 1-орунду;
2. 2-курстардан куралган футбол боюнча курама команда 2-орунду;
3. 3-курстардан куралган футбол боюнча курама команда 3-орунду багындырышты.
Жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошону менен бирге татыктуу оюн көрсөткөн оюнчуларга “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты чабуулчу” наминациялары ыйгарылып акчалай сыйлыктар берилди.
Баардык катышуучуларга бекем ден-соолук каалайбыз!