Жанылыктар

ОшМУнун БжМ факультетинде Англис тилчилердин жетекчилиги астында "Кош кел нооруз" аталышында концерттик программа болуп өттү

19.03.2024.

ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “КОШ КЕЛ НООРУЗ” аталышындагы иш-чара ОшМУнун “Дүйнөлүк тилдер жана маданият” факультетинин “Факультеттер аралык чет тилдер” кафедрасынын окутуучулары Эркебаева Гүлбара жана Жунусова Жүрсүнай эжекелерибиздин жетекчилиги астында болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү;

3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;

4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;

5. Улуттук каада-салт, үрп-адаттарды англис тилинде чагылдыруу;

6. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу.

Аталган маданий иш-чаранын коноктору катары “Дүйнөлүк тилдер жана маданият” факультетинин эмгек жамаатынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Бизнес жана менеджмент” факультетинин талантуу студенттери тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, макал-лакаптар, on_line куттуктоолор, акыйнек айтышуу сыяктуу бир топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге кызыктыруучу сыйлыктар, сертификаттар тапшырылып, студенттерге уюштуруучу топ тарабынын мотивация берилди.

Алга ОшМУ! 85 жылдык юбилей кут болсун!

Биз менен дүйнөнүн эшигин ач!

НООРУЗ майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

131 06:57 20-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|