Жанылыктар

Стейкхолдерлер менен жолугушуу

16.12.2023. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин усулдук кеңеши Ош билим берүү Институтунда алыскы жана жакынкы райондордон келген мектеп директорлору (стейкхолдерлер) жана тарых мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Күн тартибинде социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) багытындагы “бакалавр” жана “магистратура” программаларынын Негизги билим берүү программалары, окуу пландарынын мазмуну талкууланды. Катышуучулар тарабынан сунуш, пикирлер айтылды жана ар түрдүү маселелер көтөрүлдү. Иш-чарага Ош билим берүү институтунан Э.М.Ураимова, мектеп директорлору: К.Маманова, Ш.Шамшидинова, А.Бакиева, Н.Ахмаджанова, Ж.Асанов, Г.Шеринбаева, А.Жумабаева, Ж.Кожоева, М.Апарханов, Б.Акматова, М.Боронбаева, Б.Темиркулова, Б.Жамилова, Г.Аттокурова, Т.Раманова, Ч.Закировалар жана тарых мугалимдери: К.Жусубалиев, П.Абдураимова Н.Чолпонбаев ж.б. ошондой эле тарых жана социалдык иштер факультетинен декандын окуу иштери боюнча орун басары А.Тагайбекова, кафедра башчылары т.и.к., доценттер А.Апышова, Т.Шаанов, программа жетекчилери т.и.к., доцент А.Дүйшөнбаева, улук окутуучу В.Алтымышова, окутуучулар Э.Салиева, У.Тилекова жана усулдук кеңештин төрайымы т.и.к., доцент М.Султановалар катышты Кызматташуу үчүн шарт түзүп берген Ош Билим берүү институтунун жетекчилигине жана коллективине терең ыраазычылык билдиребиз.
248 06:37 06-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|