Жанылыктар

Киберспортко карай жаңы кадам.

Киберспортко карай жаңы кадам.
Кыргыз Республикасында биринчи жолу студенттер арасында ОшМУнун алдындагы МФТИТ институтунда киберспорт боюнча турнир уюштурулду. Мелдеш PUBG MOBILE дисциплинасы боюнча онлайн форматта өттү. Турнир КМИГД кафедрасы тарабынан КРнын киберспорт федерациясынын Оштогу өкүлү А.Т. Абдыраимов жана Respawn eSports киберспорт уюмунун менеджерлери К. Абдираимов, Э.Батырбековдор менен биргеликте уюштурулду.
Pubg Mobile турнирине МФТИТ институтунун студенттеринен куралган жалпы18 команда катышып, 4 картада (оюн) болду. Ар бир картанын жыйынтыгы менен жалпы жыйынтык эсептелип, жыйынтыгында Ensemble eSports командасы 1- орунду, SkillHub командасы 2- орунду, ал эми 3- орунду Team Legends командасы жеңип алды.
Оюун жогорку деңгээлде болуп, ага Кыргызстандагы Топ 10дука кирген киберстортчулар дагы катышып, оюун көргөзүштү
401 02:54 12-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|