Жанылыктар

“V МАТИКЕЕВДИК ОКУУЛАР” аттуу илимий иш чара болуп өттү

2023-жылдын 5-декабрында ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор Курманали Матикеевдин туулган күнүнѳ карата “V МАТИКЕЕВДИК ОКУУЛАР” аттуу илимий семинар болуп өттү. Салтка айланып калган илимий семинарда факультеттин окумуштуулары, жаш окутуучу-аспиранттар, магистранттар жана студенттер, илимий баяндамаларын жасашты. Жыйынтыгында, мыкты жасалган баяндамалардын ээлери диплом, грамота, кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Профессор Курманали Матикеевди 82 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз! Бекем ден соолук, узун өмүр, Кыргызстандын илимий потенциалын жогорулатып, жаш илимпоздорду даярдоого албан ийгиликтерди каалайбыз!
442 05:01 08-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|