Жанылыктар

НАМАНГАН УНИВЕРСИТЕТТЕРИ - ЭЛ АРАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮБҮЗДӨГҮ НЕГИЗГИ ӨНӨКТӨШТӨР

2024-жылдын 16-февралында ОшМУга Наманган бизнес жана илим университетинин ректору, г.и.д., проф. Боймирзаев К.М., кафедра башчы, г.и.д., проф. Мирзамахмудов О.Т., Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун кафедра башчысы, г.и.д. Кузибоева О., Наманган мамлекеттик университетинин география кафедрасынын башчысы, педагогика багыты боюнча PhD, доцент Абдурахмонов Б.М. жана география кафедрасынын илимий кызматкери Турдалиев И.Э. чакыруу боюнча келишти. Коноктор менен ректор К.Г.Кожобеков жолугушту. Боймирзаев К.М. кызматташууга кызыкдар үчүн ОшМУнун ректоруна ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, конок лекцияларды уюштуруу ж.б. кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде коноктор география жана туризм багытындагы студенттер үчүн конок лекцияларын окушту, илимий изилдөөлөрдү талкуулоого катышты.
374 04:16 19-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|