Жанылыктар

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ИШ-АРАКЕТТЕР БАШТАЛЫП ЖАТАТ

2024-жылдын 20-мартында географ-окумуштуулар – Низамиев А.Г., Аккулов А.У., Ибраев С.А. илимий-өндүрүштүк багыттагы өнөктөштөр – профессор Калдыбаев Н., доцент Станбаев Ө., Арзиев Н. менен бирге, Өзгөн районунун акими Апбасов Каныбек башында турган уюштуруу тобу КР Жогорку Кеңештин депутаттары Ормонов У., Сатыбалдиев Э., Төлөнов Д., Төлөнов Ч. жана КРнын министрликтери, ведомстволорунун өкүлдөрү ошондой эле райондун эли менен болгон жолугушуусуна катышып келишти. Жалпысынан райондогу өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылып жаткан ар тараптуу иштер жөнүндө маалыматтар угулуп, ар кайсыл айыл өкмөтүндөгү жашоо жагдайларынын көйгөйлөрү тууралуу кызуу талкуу болду. Биз тараптан район аймагындагы калк арасында жакырчылыкты азайтуу, туризм потенциалын арттыруу максатында “Төөчү” тоо-лыжа базасы жана этноайылын уюштуруу, миниГЭС, жаңы ирригациялык канал куруу, тоолуу аймактардагы жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана кесепеттери менен күрөшүү. Ошондой эле ОшМУ менен USAID Ага Хан фондусунун каржылоосунун негизинде аткарылып жаткан “Курбу-Таш токой” долбоору сыяктуу демилгелерди колдоо жана жайылтуу, жайыт жерлердин деградациясын токтотуу жана калыбына келтирүү үчүн альтернативалык чарба уюштуруу, жумуш орундарын түзүү, миграцияны токтотуу максатында долбоорлор менен иштешүү сунуштары берилди. Жыйындан соң акимдин кабыл алуусунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү учурдун талабы экендиги туурасында пикир алышуу болду.
127 09:31 29-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|