Жанылыктар

Мейманкана боюнча бизнес форум

29-февраль жана 1-мартта Ташкент шаарында Экология, жатарылышты коргоо жана климаттын өзгөрүүсү минстрлигинин алдындагы туризм комитети тарабынан өткөрүлгөн “Hotel Business Forum 2024” эл аралык форумга экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы, доцент К.Т. Самиев катышып келди. Форумдун негизги темасы “Өзбекстанда мейманчылык индустриясын өнүктүрүүнүн глобалдык идеялары” болду. “Мейманчылык чөйрөсүндө жашыл технологиялар”, “Франшизага инвестициянын кайтарымы – узак мөөнөттүү пайда”, “IT чөйрөсү”, “Экология” ж.б. темалар каралды. Иш-чаранын алкагында, Самарканддагы “Жибек жолу” эл аралык университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы И.Кадирова, Ташкенттеги “Алфраганус” университетинин ректору М.Махмудов жана Экология, жатарылышты коргоо жана климаттын өзгөрүүсү минстрлигинин алдындагы туризм колледжинин директору О.Голикмоновдор менен биргелешип иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
227 03:54 06-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|