"Учурдагы кыздардын коомдогу орду"
17:18
2024-жылдын 29-март күнү Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы У.А.Чотурова ошондой эле тарбия иштер боюнча директордун орун басары Ж.А.Исманалиева тарабынан уюштурулган "Учурдагы кыздардын коомдогу орду" деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.
Конокто, филология илимдеринин кандидаты, тележурналист, "Асылзат айымдар" коомунун жетекчиси Кадырбек кызы Нуркыз эжекебиз болду. Жолугушууда кыздарыбызга таасирдүү акыл насааттарын, кеп-кеңештерин берип абдан кызыктуу маек куруп,
иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
135 17:18 29-03-2024