Жанылыктар

Саламаттык сактоодогу жана медайым ишиндеги информатика сабагынан онлайн лекция өттүлдү

Кыргызстандагы медициналык колледждердин арасында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында уюштурулуп жаткан онлайн конок лекциянын кезеги Өзгөн эл аралык медициналык колледжининде. 2024-жыл 11-март күнү "Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар" циклынын окутуучусу Тойгелди кызы Айчүрөк "СС жана медайым ишиндеги информатика" сабагынан "Электрондук медициналык карта" жана "Электрондук каттоо" темасында "Медициналык айым иши" пилоттук программанын студенттрине лекция окуду. Лекцияда учурда Саламаттык сактоо тармагына киргизилип жаткан медициналык маалыматтык системалар жана алардын иштөө принциптери, медайым ишиндеги маалыматтык комуникациялык технологиялардын орду жөнүндө студенттер маалымат алышты. Саламаттык сактоодогу жана медайым ишиндеги информатика сабагын максаты: Санариптештирүү заманында болочоктогу медайымдарды маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдалана билүүгө үйрөтүү.
139 07:47 15-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|