Жанылыктар

Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча конок лекция болду

2023-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында ОшМУнун Өзгөн эл аралдык медициналык колледжинин студенттери үчүн конок лекция өтүлдү. Конок лекцияда студенттерге Диний экстремизм жана терроризм боюнча дүйнө жүзүндө ислам динине жамынган диний терроризмдин күч алышы, экстремисттик уюмдардын көбөйүшү, ошондой эле ага жаштардын активдүү тартылып, региондо коопсуздук маселесин жаратып жаткандыгына байланыштуу, азыркы Кыргызстандагы диний кырдаалга мүнөздөмө берүү, диний экстремизм менен терроризмдин пайда болуу себептерин аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча маалыматтарды Өзгөн РИИБдин ЭММКАКтын башчысы милициянын майору Мойдунов Анарбек Абылкасымович жана Өзгөн РИИБдин ЭММКАКтын улук ыкчам опер өкүлү милициянын капитаны Умаров Алмазбек Замирбекович тарабынан кеңиири маалыматтар берилип студенттер тарабынан берилген суроолоруна жооп беришти. Леккциядан тышкары студенттерге кылмыштуулук, укук бузуулар жана укуктар, студенттердин жүрүм-турум кодекси боюнча түшүндүрүү түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
126 10:58 27-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|