Жанылыктар

ККФ нын студенти ‘’Дяньгао Шань(点高山)‘’ улуттук бийи конкурсуна катышты

Студенттерибиздин ийгиликтери менен бөлүшүүнү улантабыз. 2023-жылдын 20-ноябрында Кытайдын Түндүк-Батыш педагогикалык университетинде стипендиялык программада стажировка өтөп жүргөн студент кызыбыз Салайдинова Альбина Пекин шаарында өткөн чоң фестивалга катышып, мыкты тажрыйба алып келди. Альбинанын айтымында фестиваль мыкты уюштурулуп, студентибизге өзгөчө таасир калтырган. Альбина Кытайлык бийчилер тобу менен маданий иш чарада ‘’Дяньгао Шань(点高山)‘’ улуттук бийин аткарган. Салайдинова Альбина: “Университет студенттерди каржылап Пекин шаарына жөнөттү. Кытайдын борбору Пекин шаарында өз университетибиздин жүзүн көрсөтүп,бий өнөрүбүздү тартуулап келдик. Пекин шаары өзгөчө кооз жана өнүккөн шаар экен. Университеттин колдоосу аркылуу Пекинге барып, ушундай көз ирмемдерге ээ болуп кайтканыма аябай кубанычтамын жана бул кундөр эсте калаарлык болду. Эң башкысы ОшМУнун Конфуций институтуна ыраазычылык билдирем, жана албетте учурда окуп жаткан Түндүк-Батыш педагогикалык университетине да(西北师范大学) терең ыраазымын.”
363 08:43 27-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|