Жанылыктар

MORPH NEWS: 16.04.2024.

Меедицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасынын жамааты 2024-жылдын 16-апрелинде (16.04.2024) “Морфология-основа нормы и потологии” аталышындагы ОшМУнун 85 жылдык маарекесинин алкагында эл аралык студенттик конференцияга Андижан мамлекеттик медициналык институту, Фергана коомдук саламаттыкты сактоо университети жана Борбордук Азия эл аралык медицина университеттеринин окутуучулары жана студенттери келип катышышты. Ошондой эле ректораттын өкүлү ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы б. и. к., доцент Сатараов А. Э, медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдрысов И. Т., декандын илимий иштери боюнча орун басары м.и.к., доцент Мамашев Н.М., акушерство жана гникология кофедрасынын башчысы м.и.к., доцент Исраилова З. А., куттуктоо сөздөрүн айтышты. ОшМУнуни проф комитетинин төрагасы б.и.к., доцент Сатаров А. Э., конокторго университеттин жетекчилигинин атынан белектер кафедранын жамаатын ыраазы кат менен сыйлады. Келген конокторго да сөз берилип, окутуучулар өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти. Жалпы 17 доклад окулуп, баарына сертификат ыйгарылды, ал эми модераторлор тарабынан “эң жакшы” деп табылган доклад ээлери I,II,III даражадагы диплом менен сыйланышты.
83 09:18 18-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|