Жанылыктар

“Ош шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун 10 жылдык маарекесине арналган илимий - практикалык конференция өттү.

“Ош шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун 10 жылдык маарекесине арналган илимий - практикалык конференция жана салтанаттуу аземине карата 2016-жылдын 8-февралында Ош мамлекеттик университетинин стоматологиялык окуу – илимий клиникалык борборунун № 312 - конференция залында болуп өттү. Конференция саат 10.30да башталды: Ачылыш аземин м.и.к., доцент Исмаилов Алимбек Адылбекович ачып конференция катышуучулурын тааныштырды. 1. “Ош шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун ачылыш тарыхы жөнүндо “Бишкек шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун директору Moon Seong Il (доктор Айбек) кенири маалымат берди. 2. ОшМУнун окуу иштери жана эл аралык мамилелер боюнча проректору Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна “Ош шаардык жалпы стоматологияны өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун 10 жылдык маарекеси менен куттуктоо сөзүн айтты. 3. Медицина факультетинин деканы, профессор Арстанбеков Маматжан Арстанбекович. 4. Сеуль Улуттук университетинин профессору Ким Менг Ги. 5. Америкалык стоматологиялык ассоциясынын Кыргызстан стоматологдоруна жардам берүү үчүн түзүлгөн топтун жетекчиси Рэймонд Чой 6. м.и.д., профессор А.М. Ешиев 7. м.и.д., профессор А.Т.Мамасаидов 8. Ош шаардык №2 стоматологиялык поликлиниканын башкы дарыгери Т.К.Кайназаров. 9. “Доктор Замир” стоматологиялык жеке клиникасынын директору Аблазов Нематилла 10. Ким Ин Ву 11. Чоңмурунова Назгүл 12. Бадинова Айжамал 13. Абдуллаева Светланалар каалоо тилектерин айтуу менен бирге белектерин тапшырышты 14. Конференциянын катышуучуларын жана жалпы конокторду Коомдук фондтун кызматкерлери ыр менен куттукташты. Канференция бүткөн соң Түштүк Корея эл аралык стоматология ассоциясынын президенти Ким Менг Джин “Дисциплиналар аралык эстетикалык стоматология” боюнча жана Давыдова Алина, Абдуллаева Светлана “Үстүнкү жаактагы толук алынуучу жана ылдыйкы жаактагы бюгелдик протездердин клиникалык көрүнүшү” аттуу темада лекция окушту.
6913 14:57 09-02-2016

                 

Жанылыктар

|< 6 7 8 9 10 >|