Жанылыктар

Ош МУнун "Билим" лицейине 7 жыл

2019-жылдын 25-ноябрынан 1-декабрына чейин Ош МУнун "Билим" лицейинин 7 жылдык люблейине арналган бир жумалык иш - чаралар уюштурулду. 25-ноябрь күнү жумалыктын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Ош МУнун ректору, доцент К.Г.Кожобеков, ОШ МУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору, доцент Т.А.Жороев жана Ош МУнун лицей-гимназияларынын жетекчилери катышышты. Айта кетсек, Ош МУнун ректору, доцент К.Г.Кожобеков, куттукттоо сөзүндө "Билим" лицейинин 7 жыл аралыгындагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери боюнча токтолуп, лицейдин мындан да жогорку ийгилктерди жаратаарына ишеним билдирип, алдыда "Билим" лицейи үчүн курула турган имарат боюнча айтып өттү. Андан кийин, ОШ МУнун лицей-гимназияларынын окуучулары арасында акыл таймаш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белек-бечкектер тапшырылды. Иш-чаранын аягында лицейлин окуу каанасынын ачылуу аземи болду.
925 11:17 20-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|