SCIENCE WEEK. 2024-жылдын 22-апрелинен 27-апрелине чейин ОшМУнун 85-жылдыгына карата STEM инновациялык колледжинде “SCIENCE WEEK” илимий жумалыгы өткөрүлөт.
Илимий жумалыктын мазмуну: 22-апрель күнү студенттер үчүн “Акыл таймаш”. Өтүүлүчү жай-1-корпус; 23-апрель күнү саат 10:00 студенттер үчүн “STEMдеги химиялык, илимий-инновациялык тажрыйбалар” аттуу мастер-класс лектор-окутуучу Осмонова Айтгул. Өтүүлүчү жай 2-корпус.
26-апрель күнү саат 13:00 окутуучулар үчүн “Жасалма интеллект” боюнча семинар лектор, окутуучу Арынов Данияр өткөрүлөт. Өтүүлүчү жай:1-корпус. Илимий жумалыкка STEM инновациялык колледжинин окутуучуларын жана студенттерин активдүү катышууга чакырабыз.