Жанылыктар

ОшМУнун илимий изилдөө долбоорунун негизинде кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда илим изилдөө ишин жүргүзүп келишти

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курам ОшМУнун ректорунун №5052 ФХД/22 09.11.2022 буйругунун негизинде 2022-жылдын 11-ноябрынан 27-ноябрына чейин Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунун мал чарбаларынын прподуктулуулугун жогорулатуу жана эпизоотиялык абал боюнча илим изилдөө иши өткөрүлдү. Илим изилдөө иши Кафедра башчысы а.ч.и.д. профессер Абдурасулов А.Х., кафедранын доценти б.и.к. Муратова Р.Т., кафедранын доценти в.и.к. Карипов К.А., кафедранын окутуучусу Джумагулов Ж.Х., кафедранын окутуучусу Маматкалыков П.М., кафедранын лаборанты Абдурасулов И.А. катышып алар илим изилдөөгө керектүү бардык материалдарды топтоп аны изилдөө иштерин жүрүгүзүүдө.
339 18:24 05-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 >|