Жанылыктар

Илимий китепкананын жетекчилери менен видео конференция

Бүгүн апрель айынын 13-күнү илимий китепкананын директору Мамбетова С.С., китепти сактоо бөлүмүнүн башчысы: Жапаркулова С.М., комплектөө бөлүмүнүн башчысы: Козубай кызы Гулшайыр, тейлөө бөлүмүнүн башчысы: Тукуева З.Т., маалымат-библиографиялык бөлүмүнүн башчысы: Пасанова К.Б. жана жаңы технологиялар жана электрондук ресурстар бөлүмүнүн башчысы: Орозбаев А.М. менен саат 16:00 видео жыйын өткөрдү.

Жыйында:


* Бөлүмдөрдөгү аткарылып жаткан иштер боюнча ар бир бөлүм башчы баяндама жасады. Илимий китепкананын директору сын пикирлерди, толуктоолорду айтуу менен ОшМУнун корпаративдик mail.oshsu.kg почтасына ар бир кызматкердин катталуусун жана ички документ айлантууну тезинен толук кандуу ишке кирүүсүнө аракеттерди жандандыруу учурдун мыйзамы экендигин баса белгиледи.


* Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга жараша аралыктан аткарылуучу иштердин планы каралып, бир добуштан бекитилди. Бөлүм башчылар IVA ВКС программасы жөнүндө түшүнүк жана жүктөп алуу боюнча кошумча тапшырма алышты.


* Ар түдүү масалелер, ой пикир сунуштар менен жыйын 17:00 дө жыйынтыкталды.

853 19:46 13-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|