Жанылыктар

"Түбөлүктүү Чынгыз жана Алыкул" .

ОшМУнун илимий китепканасында 2021-жылдын 12-декабрында Улуттук адабият күнүнө карата илимий китепканабыздын кызматкерлери Г.Исакова,Э.Жоробаевалардын жетекчилигинде, МИТ факультетинин активдүү окурман студенттери тарабынан уюшулган адабий-музыкалуу иш-чара болуп өттү. Кечеге жалпы китепкананын жетекчилиги А.А.Эсекеева жана бөлумдөрдүн кызматкерлери ошондой эле окутуучулар, окурман студенттер күбө болушту. Иш-чарада залкар жазуучунун чыгармаларындагы сюжеттер ролдоштурулуп, кайталангыс акындын ырлары көркөм окулду. Жыйынтыгында көрүүчүлөр иш-чарадан алгылыктуу маалыматтарды, таасирлерди алышты.Адабий кеченин катышуучуларынын эмгеги бааланып, китепкананын жетекчилиги тарабынан жазуучунун китептери жана ыраазылылык баракчасы,кенсе буюмдары берилди.
268 14:24 07-02-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|