Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III Матикеевдик окуулардын” алкагында “Жаш окумуштуулардын илимий из

2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III Матикеевдик окуулардын” алкагында, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментинин магистрлерине арналган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдѳѳлѳрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция саат 10-00 ОшМУнун Чоң жыйындар залында салтанаттуу ачылыштан башталып, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед.и.д., проф. Осумбеков Б.З. сѳз сүйлөдү. Андан кийин расмий коноктор г.и.д., проф. Мазбаев О.Б. (Астана эл аралык университети (AIU), Казакстан) жана г.и.д., проф. Каймулдинова Куляш Дуйсенбаевна (Абай атн. Казак улуттук педагогикалык университети (Abai University), Казакстан) куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Программа боюнча пленардык отурум болуп, негизги докладдар окулду. Иш чараны кызыктуу концерттик программа менен коштолду. Түштөнүүдөн кийин,ТТГФде Табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу технологиялары жана мейкиндик маалыматтарды талдоо боюнча эл аралык борборду жана факультетке тиешелүү илимдердин символдору болгон монументалдык белгилерди расмий түрдө ачуу болуп өттү. Илимий практикалык конференциянын Программасы боюнча саат 14.00-16.00 – Секциялык жыйындарда магистранттардын макалалары талкууланды. Күн аягында Конференция жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды.

239 20:42 08-12-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|