News

“Практика келечекке ачык кадам” темасында отчеттук-семинар өтүлдү

2024-жылдын 10-февраль күнү Ош мамлекеттик университетинин ТТАТФде “Практика келечекке ачык кадам” темасында отчеттук-семинар өтүлдү. Семинарга Ош областынын райондорунан жумуш берүүчүлөр университеттин ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент А. Батыралиев жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Т.Матикеев жана адистиктер боюнча практика жетекчилери катышты. Семинар учурунда физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынан окуу-талаа практикасы жана педагогикалык практика боюнча п.и.к., доцент А.Зулушова жана география профилинин бүтүрүүчү курсунун студенттери Кошоева А, Кадырали к. А, Суранова Майрам практика боюнча отчет берип, практиканын жыйынтыктарын видео-сурөттөр менен көрсөтүштү.
141 04:15 13-02-2024

                 

News

|< 1 >|