News

"Бизнес жана менеджмент" факультетинде студенттер арасында «Клавагонка» конкурс өткөрүлдү.

Бизнес жана менеджмент факультетинде өткөрүлүп жаткан илим жумалыгынын алкагында 4.04.2019 күнү ”Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасы тарабынан факультеттеги студенттер арасында «Клавагонка» конкурс өткөрүлдү.

«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын башчысы, ф-м.и.к., доцент Бекешов Турдумамат Орозматович конкурстун ачылышында азыркы учурдагы «компьютердик технологиянын» оорду жөнүндө кеӊири маалымат берүү менен конкурстун катышуучуларына ийгилик каалады.

Конкурс эки турда өттү.

Биринчи турда 33 студент катышышты. Жыйынтыгында экинчи турга 13 студент тандалып алынды.

Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеӊүүчү деп табылды:

1-орун. БИ(б)-2-18 тайпасынын студентти Ѳмүрбек кызы Эсел;

2-орун. МТ(б)-1-18 тайпасынын студентти Тынычбеков Айбек;

3-орун. МТ(б)-1-18 тайпасынын студентти Ашимов Нурболот.

Жеӊүүчүлөр баалу сыйлыктар жана дипломдор менен ” Илим жумалыгынын” жабылуу аземинде сыйланышмакчы.

1201 11:11 05-04-2019

                 

News

|< 1 2 3 >|