News

2018 – жылдын 15 – март күнү Ош МУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин «Экономика жана салыктар» кафедрасынын «Салык жана салык салуу» адистиктик боюнча окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу иш чарасы болуп өтт

Бул жолугушуу иш чарага иш – берүүчүлөр, ата-энелер, студенттер жана “Экономика жана салыктар” кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты катышты. Иш чаранын жүрүшүндө “Экономика жана салыктар” кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент М.М.Борбодоев “Салык жана салык салуу адистигинин бүгүнкүсү жана келечеги” деген темада доклад жасады. Андан соң “Экономика жана салыктар” кафедрасынын окутуучулук курамына сөз берилип бир топ агай эжекелер сөзгө чыгышты, ошол эле учурда суроо-жооп иретинде талкуу болду. Бул иш чарада ата-энелер менен биргеликте төмөндөгүдөй бир топ маселелер каралды.

• Салык жана салык салуу адистигин келечеги тууралуу;

• Студенттердин жетишүү, катышуусу тууралуу маалыматтар;

• Контрак маселеси каралды;

• Ош МУнун сайты менен тааныштыруу;

• Ош МУнун электрондук библиотекасы менен тааныштыруу;

• AVN программасынын мүмкүнчүлүктөрү жана колдонулушу менен тааныштыруу;

Иш чаранын акырында ата-энелерге жана студенттерге Ош МУнун ички жана сырткы мобилдүүлүгү боюнча бир топ программалар бар экендиги тууралуу маалымат берилди. Бул программаларга студенттер катышуу үчүн ата-энелерден колдоо, мугалимдерден жардам ал эми студенттерден аракет керек экендиги баса белгиленди.

2049 16:35 10-04-2018

                 

News

|< 1 2 >|