2020-жылдын 31-январь күнү ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин
"Эл аралык мамилелер" кафедрасы тарабынан уюштурулган төгөрөк стол
өткөрүлдү. Төгөрөк столдо "Эл аралык мамилелер" (бакалавр), "Саясаттаануу"
(бакалавр, магистратура) багытынын негизги билим берүү программаларынын
максаттарын, күтүлүүчү натыйжаларын, окуу планын стейкхолдерлердин,
жумушберүүчүлөрдүн, ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн, cтуденттердин жана
атайын адистердин катышуусунда талкууладык. Бул маселе боюнча
стейкхолдерлер, ата-энелер, бүтүрүүчү студенттер, тарабынан бир канча
сунуштар берилди.
Эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулган төгөрөк стол өткөрүлдү.
11:12