News

КЭРдин консулу магистратура департаментинде.


2014-жылдын 12-декабрь күнү Кытай Эл Республикасынын Оштогу Генералдык консулдугунун консулдары мырза Ван Лицзю жана айым Мейлина Кеюм ОшМУнун магистратура департаментинин директору Эрлан Камалов менен жолугушту. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, Эрлан Камалов конокторду Ош МУда болуп жаткан прогрессивдүү өзгөрүүлөрдөн кабардар кылды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук чемпиону болгон Ош МУнун Enactus командасынын Пекин шаарында өткөн Enactus World Cup 2014 Дүйнөлүк Мелдештерине катышууда көрсөткөн каржылык колдоосу үчүн Генералдык консулдукка ыраазычылык билдирди.
Ааламдашуу доорунда Ош МУнун КЭРдин университеттери менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендиги жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда консулдуктун жардамы зарылдыгы белгиленди. Өз учурунда мырза Ван Лицзю Ош МУда окуп жаткан Кытай жарандары жөнүндө маалыматка кызыгып, мындан ары да ар кандай алмашуу программалары аркылуу студенттердин, магистранттардын, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин академиялык мобилдүүлүгүнө жетишүү үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.
Ош МУнун магистратурасында 4 Кытай Эл Республикасынын жарандары билим алууда.



















2966 14:14 13-12-2014

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|