News

ОшМУнун магистранттары Бишкек шаарында илимий конференцияга катышып келишти!

Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2015-жылдын 6-ноябрь күнү Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, КР илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамбетакунов Эсенбектин 70 жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган “Орто жана жогорку окуу жайларында билим берүү процессинин актуалдуу проблемалары” аттуу эл аралык маанидеги 12-республикалык илимий – практикалык конференциясы болуп, Ош мамлекеттик университетинин Физика-техника факультетинин 1-2-курсунун магистранттары өз илимий жетекчилери менен катышып келишти. Алар Ураимова Кундуз “Кыргыз элдик макал-лакаптарынын физикалык чечмелениши ”, Аманбай кызы Айсулуу “Спектр возбуждения оптической вспышки и методика его экспериментального исследования”, Кабылова Гүлкан “Спектр оптического высвечивания и его измерение”, Орозбаева Айнагүл “Методы измерения ионной электропроводности и диэлектрических потерь в ионных кристаллах и полупроводниках” деген темаларда өз докладдарын жасап, активдүү катышкандыктары үчүн сертификат менен сыйланышты.

3887 13:27 21-11-2015

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|