News

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ПРАКТИКАНЫ ӨТҮҮ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ.

Табият таануу жана география факультетинин окуу графигине ылайык 520200-«Биология», 550100-«Табийгый илимий билим берүү», 520100-«Химия», 520400-«География» багыттары боюнча илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк, илимий-педагогикалык практикасына чыгаруу бекитилген. Магистранттардын практикага чыгуу эрежелери, аткаруу жоопкерчилиги жөнүндө 2018 жылдын 29-октябрында саат 1300дө ТТГФнин конференц-залында факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана магистранттары менен биргеликте конференция болуп өттү. Конференцияда факультеттин магистратура бөлүмүнүн башчысы доцент Ж.Т. Молдалиев, факультетин деканы доцент Т.А. Мамытов, программа жетекчилер, кафедра башчылар жана магистранттар менен биргеликте Проф. Т.Т. Жумабаева, Проф М. Д. Абдуллаева, доцент Д.А. Эмилбеова, доцент Р.Т. Муратова жана доцент З.Э. Шербаевалар практикалар тууралуу кеңири түшүнүктөрдү беришип, алты жума ичинде илимий-өндүрүштүк, илимий-педагогикалык жана илимий-изилдөө иштерди кантип жүргүзүүнү түшүндүрүштү. Конференциянын аягында магистранттар профессордук-окутуучулук курамга суроолорду беришип алгылыктуу жоопторду ала алышты.
1496 13:22 08-12-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|