News

Ош шаарындагы парламенттик мектеп

Ош шаарында ачык кеңеш уюму тарабынан "Парламенттик мектеп" деп аталган тренинг болуп өттү. Бул иш чарага тарых факультетинин 2-курстарынын магистранттары Сааданбек уулу Дамирбек жана Маманов Муратаалы катышып келишти. Ага экс спикер Зайнидин Курманов жогорку кеңештин депутаты Айзада Касымалиева жана башка бир топ эксперттер келип, парламенттин өнүгүшү, азыркы учурдагы деңгээли, парламент кандай иштерди алып барат, парламенттеги комитеттер, эксперттер, аппарат жетекчилери эмне иштерди аткарышат, кимдер мыйзам чыгара алат, мыйзам долбоору кандай жол менен кабыл алынат жана ошондой эле жергиликтүү кеңештер тууралу кенен маалымат беришти.
1986 15:26 27-02-2018

                 

News

|< 1 >|