Кызамык боюнча дарыгерлерден кеңеш
06:18
Ош шаардык № 1- Үй бүлөлүк дарыгерлеринин № 7-филиалынын Өспүрүмдөр дарыгери Сатарова Насиба жана көз дарыгери Турдубай кызы Нуржамал эжекелер ОшМУнун юридика факультетинде азыркы күндө күчөп аткан Кызамык оорусу боюнча 1-2-курстардын студенттерине кызамыктын белгилерин жана кантип сактануу керектигин, ооруп калса кантип дарыланыш керектигин айтып беришти.
Кызамык оорусунун жугуу жолдору:
-Калк көп болгон жерде аба аркылуу
-Идиш аяктар жана тамак аш аркылуу
-Бирөөнүн буюмун колдонууда
-Бирөө менен катнашка барганда
Мед айымдын айтымында, бул ооруну алдын алуу үчүн эл көп жерге барбай жана колдонгон идиштерди таза кармоо керек. Ошондой эле суукка көп чыкпоону сунуштады.
308 06:18 27-02-2024