News

ЭАУда “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) “Улуттук нарктуулук, иденттүүлүк жана адам баалуулуктары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул конференциянын өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-ж. 30.08. ПЖ №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгына ылайык иш-чаралар алкагында демилгеленген. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргызстандын, Казактандын жана Азербайжандын бир катар университеттеринин профессор-окутуучулар курамы катышышты. Мындан сырткары, конференцияга Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин мугалимдери чакырылган. Окутуучуларыбыз конференцияда өздөрү тараптан даярдалган макалалар жөнүндө баяндама беришип, талкуулар өткөрүлүп, аягында сертификаттар менен сыйланышты. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында чыгарылмакчы.
126 04:47 02-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|