News

"Мамлекеттик муктаждыктар үчүн турак жай курулушунун жана ишке ашыруунун укуктук көйгөйлөрү" темада тегерек стол

ОшМУнун 85-жылдыгына карата илим жумалыгынын алкагында 2024-жылдын 30-апрель күнү ОшМУнун юридика факультетинин “Жарандык укук жана процесси” кафедрасы тарабынан уюштурулган "Мамлекеттик муктаждыктар үчүн турак жай курулушунун жана ишке ашыруунун укуктук көйгөйлөрү" деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Ош шаарындагы укук коргоо органдардан жана мамлекеттик ишканалардан коноктор чакырылды. Жоошбаев Исламбек Абдулжанович жана Олжобаев Куттубек Олжобаевич Ош шаардык прокуратурасынын кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана сот актыларын аткарылышын көзөмөлдөө прокурорлору, Мамыраимов Асанбек Жээнбекович Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы, Турдакун уулу Бактыбек министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия боюнча агенттиктин Ош филиалынын юристи, Жоробай уулу Манасбек «Нуркелди курулуш» жоопкерчилдиги чектелген коомдун директору, Аманов Союзбек Камчыбекович көз карандысыз эксперт, юристтер катышышты.
73 03:16 07-05-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|