News

Теология факультетинин окутуучуларынын жаңы китептери чыкты

Теология факультетинин окутуучулары Калбердиев Абдилазиздин «Ахли сүннөттүн залкар аалымы имам Матуриди жана Матуридилик» 5000 (беш миң) нуска, Жусубалиев Алинин «Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы» 3000 (үч миң) нуска, китептер Бишкек Из-Басмадан басылды. Ошондой эле, Калбердиев Абдилазиздин «Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү» 3000 (үч миң) нуска экинчи басылышы да чыкты. Аны менен бирге, факультеттин окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү тарабынан түрк тилинен кыргыз тилине которулган элге жана жаш балдарга багытталган китептер да чыкты. 2016-жылдын февраль айынан бери факультет тарабынан даярдалган илимий монография, окуу куралы, окуу-усулдук куралы жана котормолордун басмадан чыккан 22 китепти түзөт. Китептер басып чыгаруу дагы улантылат. Бул проектти Туркия Диянет Фонду каржылат, ал эми проекттин кординатору факультеттин деканынын орун басары, доцент Ферхат Гөкче.

3121 11:53 10-09-2016

                 

News

|< 1 2 >|