News

Теология факультетинде ата-энелер менен жолугушуу өттү

17-сентябрь 2016-жылы студенттердин ата-энелери менен жолугуу факультеттин конференция залында өттү. Жолугушууда ата-энелерге факультеттин окутуучулар жамааты тааныштырылды. Андан соң факультеттин аткарган жумуштары жана келечектеги иш чаралар жөнүндө маалымат айтылды. Окутуунун сапатын жогорулатууда окутуучулар, студенттер жана ата-энелердин өзгөчө орду бар экендигине басым жасалды. Айрыкча, университет тарабынан түзүлгөн жаңы технологиялык билим берүүгө ата-энелерди тартуу менен алардын балдары жөнүндө маалыматтарды СМС жана интернет аркылуу алып туруу мүмкүнчүлүгү башталды. Ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жооп берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелерге китептер белек кылынып, эстеликке сүрөткө түшүштү. Жолугушуудан кийин ата-энелер аудиторияларга чыгышып, кураторлор менен жекече баарлашты. Акырында факультет менен таанышуу жана конокторго сый-тамак уюштурулду.

3847 14:13 17-09-2016

                 

News

|< 1 2 >|