News

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата "StudExpo - 2024” эл аралык студенттердин эмгек жарманкеси

Бүгүн 12-апрель ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата "StudExpo - 2024” эл аралык студенттердин эмгек жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана студенттери, көрүүчү катары 500 дөн ашуун мектеп окуучулары катышты. Мында студенттер ойлоп тапкан программалоо жана мобилдик веб тиркемелер, робототехника жана автоматташтыруу, 3D моделдештирүү, илюстрация жана графикалык дизайн багыттындагы 150гө жакын эмгектер көрсөтүлүп, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Мураталы Жаманбаев баштаган комиссиялар конкурска катышкан студенттердин эмгектери менен таанышып баалап, күндүн экинчи бөлүгүндө концерттик программанын коштоосунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи аяктады.
94 11:57 23-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|