News

Ферганага сапар.

2023-жылы 23-январда Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ысламидн Ташполотов Фергана политехника институтуна 1-күндүк илимий-өндүрүштүк сапарга барып келди. Сапар учурунда профессор Сыражидин Фаязович Эргашев менен жолугушуп политехника институтунун технологиялык паркы менен жакындан таанышты. Бул институтун өзгөчөлүгү илимий изилдөө иштерине жакшы шарттарды түзүү(Жаңы жабдыктар менен жабдылган илимий лабораторияларды ар түрдүү багыттар боюнча түзүүнүн аракетинде) менен анын жыйынтыктарын технологиялык паркта өндүрүштүк деңгээлге чейин жеткирип жатышкандарында, б.а. өндүрүштүк буйрутмалар боюнча технологиялык паркта 3-D технолгияны колдонуу менен моделди даярдап андан ары керектүү деталды толугу менен жасашып буйрутма берүүчүгө тапшырып жатканында болуп саналат. Бул паркта магистранттар, PhD докторанттар иштешет экен. PhD-доктаранттардын стипендиясы 500 америка доллар болгону менен катар, алар буйрутмалар боюнча иштеп тапкан каражаттын эсебинен дагы кошумча айлык алышат. Бугункү күндө института толук мүмкүнчүлүккө ээ болгон полиграфия борбору, кийим тигүү цехи, курулуш материалдарын изилдөөчү жана чыгаруучу цех, мебелдик цех, металлургия цехи, микро-ГЭСтерди(Өзбек Республиканын өкмөтү 50 мкро-ГЭСин жасоого буйрутма беришкен)жана күн батерияларынын жардамында иштөөчү светофорду жасоочу участок ж.б. иштөөдө.

Бул сапардын дагы бир негизги максаты “Сайкал” жеке ишканасы менен жакындан таанышып келүү болучу. Бул ишкананын Ташкент шаарында 2 фирмасы, Фергана шаарында 3 ишканасы иштеп жаткан жана 8-дей инновациялык продукцияларды жана ошондой эле инновациялык эмес продукцияларды да чыгаруучу ишкана экен. Кээ бир продукцияларын СНГ мамлекеттеринде жалгыз ушул гана ишкана өндүрөт. Биз барганда бир ишканасында чыгарып жаткан продукциясына Туркиядан буйрутма түшкөн. Мына ушул буйрутманы аткаруунун үстүндө иштеп жатышыптыр. Алар менен болгон сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду. Байланышты алар менен улантуу менен бирдикте тереңдетебиз деген ойдобуз.

: : : : :
119 10:35 25-01-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|