News

2017-жылдын 22-декабрында ОшМУда Энергетиктер күнү белгиленди

ОшМУнун Энергетика кафедрасынын “Электр менен камсыздоо” адистигинин ЭСс-1-15 тайпасынын студенттери тарабынан уюштурулган 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата арналган кече ОшМУнун ЧАЗ (БАЗ) да болуп өттү. Алгач ФТФнын деканы доцент, Айдарбеков З.Ш. майрамдык кечени ачык деп жарыялап, ОшМУ менен тыгыз байланышта иштешип келе жаткан өндүрүштөрдөн келген ишканалардын жетекчилерин тааныштырып, алар тараптан жана факультеттин жетекчилиги тарабынан даярдалган ардак грамоталарды тапшырышты. “Ошэлектр” ААКнун жетекчиси Даминов Дыйканбай Исабаевичтин атынан Энергетика кафедрасынын окутуучусу Досонов Бекболот Рысалиевич көп жылдардан бери энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн жана Энергетика кафедрасынын студенти Болотбек уулу Шамшарга факультеттеги коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, окуудагы мыкты жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата “Ошэлектр” ААКнун ардак грамотасы менен сыйланышты. Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары (ОшПВЭС) ишканасынын жетекчилиги тарабынан даярдалган ардак грамотаны жетекчинин орун басары Рысбеков Алтынбек Энергетика кафедрасынын студенти Тажибаев Бекмурзага факультеттеги коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, окуудагы мыкты жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары (ОшПВЭС) ишканасынын атынан ардак грамота тапшырды. Ошондой эле факультеттин ардак грамотасы менен Кобцев Илья, Рысбаев Нурмухаммед, Орозалы уулу Нурландар факультеттеги коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, окуудагы мыкты жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-турумдары менен 22-декабрь Энергетиктер күнү кесиптик майрамына карата ардак грамоталар менен сыйланышты. Майрамдык кечени ЭСс-15 тайпасынын студенттери өздөрүнүн бийлери, монтаж боюнча конкурсу, жасаган макеттери жана тамашалары менен концерттик программаны улантышып келген конокторго шаңдуу майрамдык маанай тартуулашты.
2023 13:00 13-01-2017

                 

News

|< 1 >|