Жаш окумуштуулар мектебинин тренинг-семинарына чакырабыз!
12:00
ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмү аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана илимге талапкерлерди 2017-жылдын 18-19-20-майында ОшМУнун "Ак-Буура" эс алуу борборуна Жаш окумуштуулар мектебинин “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” деген темадагы 3 күндүк тренинг-семинарына чакырат. Каалоочулар факультеттердин декандарынын илимий иштер боюнча орун басарларына же Илим жана аспирантура бөлүмүнө (ОшМУнун башкы имараты, 136-каана, тел.: 7-43-25, 0776 00 86 89, 0558 70 66 20) 15-майга чейин жазылсаңыздар болот.
Шашылыңыздар, орундар чектелүү!
3359 12:00 26-04-2017