News

ОшМУда Энелер күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде Ош шаардык аялдар канаты менен биргеликте “Энелер мээрими чексиз” аттуу иш чара аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.Иш чарага ар тармактан көп балалуу энелер чакырылып 4а, 4б жатаканаларынын, ФМО, ПжДТ, КФЖ факультеттеринин сутденттери менен баарлашышты. Андан сырткары ОшТУнун жана ОшКУУнун студенттери да катышты. Майрамдык иш чарада энелерге белектер берилип, концерттик программа тартууланды. Кече Эламан Жалаловдун, Догдурбек Акималиевдин, Элчибек Жумабек уулунун энелер жөнүндөгү обондуу ырлары менен шаңга бөлөндү. Майрамдык кечеге активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобу даарыгерлердин, ЖОЖдордун аялдар кеңештери, мектептердин, садиктердин директорлору тарбынан алып келинген белектер менен сыйланышты. Иш чара студенттерибиздин энелерге чын дилден ыраазчылык сөздөрү менен жыйынтыкталды.

2070 16:23 01-06-2018

                 

News

|< 1 >|