News

Мамлекеттик тил борбору

1-март күнү ОшМУнун тарых факультетинде кыргыз тилинде жарык көргөн илимий эмгектердин, окуу китептеринин жана окуу-усулук колдонмолордун бет ачары болуп өттү. Иш чарада факультеттин деканы т.и.к., доцент С.А.Смадияровдун, т.и.к., профессор Ж.Адилбаевдин, т.и.к., профессор Т.Кадыровдун жана т.и.к., доцент Г.Чыныкееванын, Г.Жумашованын 2014-2016-жылдарда жарык көргөн эмгектеринин жазылыш тарыхы, актуалдуулу жана перспективалары тууралуу мазмундуу баяндамалары катышуучулар үчүн абдан кызыктуу болду. Студенттер тарабынан аларды кызыктырган суроолор берилип, ал суроолорго илимпоз окутумштуулар олуттуу ойлорун ортого салып жооп берүү менен, эмгектенүүнүн үзүрү - жашоонун маңызы экендигин белгилешти. Бул саамалык 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана итл саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык мамлекеттик тилди илимдин тили катары колдонууну күчөтүү максатында жүргүзүлдү.Ошондой эле факультеттин аалымдары студенттерге китеп окуу жана андан маалымат алып изденүүнүн жолдорун өз мисалдарында айтып өтүштү. Аталган факультеттин жамааты университеттин көрсөтмөлөрүн биринчилерде боуп колго алып, мыкты деңгээлде уюштуруп, студенттердин окуу илимий-иштерине жандуу багыт бергендиги баарлашуудан байкалып турду. Уюштуруучулар факультеттин деканынын илимий иштер боюнча орунбасары Г.Чыныкеева жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Э.Алишерова болду.
1972 10:11 04-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 >|