News

"Чет тили" бөлүмүндө адаптациялык педагогикалык практикасынын “Кесибим -келечегим “ аттуу жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин чет тили бөлүмүндө адаптациялык педагогикалык практикасынын “Кесибим -келечегим “ аттуу жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.Бул конференциянын өзгөчөлүгү,студенттерге алдын ала СӨАИ катары берилген улуу педагог В.С.Сухомлинскийдин “ Мугалимге 100 насаат” жана азыркы замандын Дүйшөн агайы Г.Мадаминовдун “ Ата -энелер сиздер үчүн “ аттуу китептерин кызыгуу менен окуп чыккандыктарын,бул китептер аларга чоң мотивация болгондугун айтып өтүштү.Андан тышкары “ Агай” кинотасмасынын үзүндү көрсөтүлүп,аудиторияда кызыктуу талкуу жүрдү.Мындай иш-чаралар студенттердин алдыдагы практикаларын мыкты өтөөсүнө өбөлгө түзөөрү шексиз.
113 06:38 18-03-2024

                 

News

|< 1 >|