Мамлекеттик тил
13:22
2019-жылдын 5-мартында Ош МУнун мамлекеттик тил кафедрасында конок лекция жогорку деңгээлде өттү. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Мирзохидова Муяссар Инамжановна илимий макала жазуунун эрежелери, бүгүнкү күндөгү илимий иштерди коргоодогу талаптар, Scopus, Web of science эл аралык журналдарына макалаларды чыгаруудагы критерийлер жана анын артыкчылыктары ж.б. боюнча лекциясында баяндады.Окутуучулар тарабынан суроолор берилип, жооптор алынды. Окумуштуунун ушундай демилгелүү иштерине жамааттын атынан чоң ыраазычылык айтабыз.
1071 13:22 06-03-2019