Олимпиададагы ийгиликтер
20:32
21-май 2022-жыл Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин 9-аймактык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага жалпысынан түштүк региону боюнча 8 университеттин студенттери келип катышты. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери да катышып байгелүү орундарга ээ болушту.
Кыргыз тили жана адабияты боюнча 4-курстун студенти Балтабаева Авазкан (жетекчиси: доцент У. Камардинова) 1-орунду, Манас таануу боюнча 4-курстун студенти Бекешова Асел (жетекчиси: А. Маматова) 1- орунду багындырышты.
388 20:32 25-05-2022