News

ИЛИМ-ИЗДЕНҮҮ-ИЙГИЛИК

2021-жылдын 30-ноябрында "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу VIII аймактык конференция болуп өттү.
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучуларынын илимий жетекчилигинде бир топ студенттер конференцияга катышып, 2-курстун студенти Эгемназаров Исках профессор Б.Темированын жетекчилигинде илимий баяндама жасагандыгы үчүн 1-орунду алып, ОшМУнун 1-даражадагы диплому менен сыйланды. 2-орунга 4-курстун студенти Бактыбек кызы Алинанын доцент К.Нармырзаеванын жетекчилигинде жазган илимий макаласы татыктуу болду. 2-курстун студенти Бактыяр кызы Асел ыраазычылык алды.
Ал эми профил эмес адистиктен 12 студент факультетибиздин окутуучуларынын жетекчилигинде конференцияга катышып төмөнкүдөй ийгиликтерди багындырышты:
1. Медицина факультетинин 1-курсунун студенти Алибаева Назима 3-даражадагы диплом менен сыйланды (Илимий жетекчиси М.Нурмаматова).
2. 2-орунду дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 4-курсунун студенти Базарбаева Айсулуу (илимий жетекчиси Н.Караева) II даражадагы диплом,
3. орус филологиясы факультетинин 1-курсунун студенти Топчуева Индира (илимий жетекчиси Ж.Максутова) II даражадагы диплом,
4. "Тарых жана философия илимдеринин актуалдуу маселелери" секциясынан эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенти Асилбек кызы Урниса (илимий жетекчиси А.Осмонова) I даражадагы диплом,
5. "Кыргыз жана орус адабияттары" секциясында юридика факультетинин 2-курсунун студенти Айткозуева Магруба (илимий жетекчиси К.Маданова) II даражадагы диплом менен сыйланышты.
Окутуучулардын, студенттердин илимий изилдөө, окуу-тарбиялык, коомдук иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
233 14:48 01-12-2021

                 

News

|< 1 >|