News

Ош мамлекеттик университетинде Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Илим күнүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулду

9-ноябрь, 2023-жыл.

Ош мамлекеттик университетинде Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Илим күнүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулуп, 2022-2023-окуу жылындагы окуу-усулук, илимий, тарбиялык иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Салтанаттуу майрамдык кечени окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесип ээлерин куттуктады.

Майрамдык кечеде Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, ыраазычылык каты, Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы», “Илимдин мыктысы” төш белгилери, Ардак грамотасы, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин, Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси, Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Берилген бул сыйлыктардын ичинен “Бизнес жана менеджмент” факультетинин профессордук – окутуучулук курамынын бир топ мүчөлөрү татыктуу сыйлыктарды алышты.

Атап айта турган болсок:

Өлкө башчысынын сыйлыгы менен “Финансы жана банк иши” кафедрасынын башчысы, э.и.д, профессор Ч.Кулуева сыйланып "Кыргыз Республикасынын эмгек синирген экономисти" ардактуу наамы ыйгарылды.

Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы, э.и.к., доцент Т.М.Исраилов Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

“Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын доценти, ф-м.и.к. О.А.Мамытов “Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси” менен сыйланды.

“Ишкана экономикасы жана башкаруу” кафедрасынын доценти, э.и.к. Б.М.Асанов Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

“Финансы жана банк иши” кафедрасынын улук окутуучусу Ж.Ж.Абдрасулова Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

“Бизнес жана менеджмент” факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары, “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын ага окутуучусу, магистр О.Ш.Оморов Ош шаардык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

Сыйлыктарга ээ болгон кесиптештерибизди “Бизнес жана менеджмент” факультетинин жалпы эмгек жамаатынын атынан куттуктайбыз!

Ден-соолукта болуп ийгиликтерди жарата бериңиздер!

371 16:14 12-11-2023

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|