20.02.2024
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктери (окутуучу-агайлар жана студенттер) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү.
Бул спорттук турнирдин негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Волейбол оюнун пропагандалоо;
3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;
4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;
5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо;
6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.
Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.
Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
· “Менеджмент” адистигин студенттерин 1-орун;
· “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистигинин студенттер 2-орун;
· “Ишкана экономикасы жана башкаруу” адистигинин студенттери 3-орун.
Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун!!!