News

Бизнес жана менеджмент факультетинин мугалимдери спорттун бильярд түрүнөн байгелүү орундарга ээ болушту

23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата ОшМУнун окутуучу-кызматкерлери үчүн профсоюз уюму тарабынан уюштурулган спорттун БИЛЬЯРД түрү боюнча мелдеште "Бизнес жана менеджмент" факультетинин БИжЭМ кафедрасынын доценти Абдыкадыров Санжар Кубатович 3-орунду багындырып III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ менен жана ошондой эле МжМ кафедрасынын доценти Сакибаев Канатбек Шерикбаевич "МЫКТЫ ОЮНЧУ" номинациясы аталышында ДИПЛОМ менен сыйланышты.
Спортту даңазалап, татыктуу оюн көрсөткөндүгү үчүн агайларыбыздын ден-соолуктары чың болуп, иштеринде ийгиликтер көп болсун демекчибиз.
Бүгүнкү 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүңүздөр кут болсун!!!
Майрамыңыздар менен!!!
241 03:25 24-02-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|