News

Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти "Китеп окуу" мелдешине катышты

03.04.2024

ОшМУнун илимий китепканасынын “StudClub” студенттик борбору тарабынан ОшМУнун 85 жылдыгына карата БжМ факультетинде Насиба Абдуллаеванын “Эртең дебе” китебинин негизинде өткөн китеп окуу боюнча факультеттер аралык мелдеш болуп өттү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдөн сырткары 16 студентке акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул мелдеште БжМ факультетинин БИ(б)-2-23 тайпасынын студенти Орозбаева Алина Кубанычбековна дагы активдүүлүгүн көрсөтүп жеңүүчүлөрдөн кийинки 4-орунду ээлеп азыркы учурдун эң керектүү куралдарынын бири болгон Airpods менен сыйланды.

Иш-чаранын негизги максатына маани бере турган болсок Насиба Абдуллаеванын “Эртең дебе” китебинде жалкоолуктан арылуу, бүтө турган жумушту эртеңкиге калтырбоого үгүттөлөт. Мындан улам уюштуруучулар атайын ушул китепти тандап, муну менен студенттерге мотивация берүүнү максат кылышкан.

Сынакка жалпы 600 студент катталып, анын 300ү мелдешке катышты.

Алинанын окууларына ийгиликтерди каалайбыз!!!

102 03:48 11-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|