News

31.05.2023-жыл. Батыш Чех университетинин профессору, белгилүү археолог Павел Варжека студенттерге конок лекция окуду.

Тарых жана социалдык иштер факультетинде Батыш Чех университетинин профессору, белгилүү археолог Павел Варжека студенттерге конок лекция окуду. Лекция студенттердин кызыгуусун жаратып суроолор менен коштолду. Эскерте кетсек, профессор Павел Варжека баштаган Чехиялык археологдор Кара-Суу районунун Ак-Жар аймагында археологиялык казуу жүргүзүүдө жана бул казууга факультеттин студенттери активдүү катышууда. Батыш Чех университети менен ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультети ар тараптуу кызматташып келет. Ушул айдын башында факультеттин деканы доцент С.А. Арстанов баштаган делегация Батыш Чех университетинде конок лекцияларды окуп келген.
212 08:02 12-06-2023

                 

News

160 07:46 12-06-2023

11-май, 2023-жыл. "Актуальные проблемы и перспективы всемирной истории"

4-май, 2023-жыл. Тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А. Арстанов Батыш Чех университетинин Философия факультетинин студенттерине "Интергельпо в Кыргызстане" деген темада конок лекция өттү.

206 06:28 11-05-2023

Тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А. Арстанов Батыш Чех университетинин Философия факультетинин студенттерине "Интергельпо в Кыргызстане" деген темада конок лекция өттү.

223 06:22 11-05-2023

Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин тарых факультети тарабынан уюштурулган «БЕЙБАРС СУЛТАН ЖАНА АНЫН ТҮРК ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ» аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү.

383 06:06 11-05-2023

ОшМУнун ички грантынын негизинде каржыланган “Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)”

431 09:59 28-04-2023
|< 3 4 5 6 7 >|